• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

«Ай Кью» мектебинин айланасындагы чуу. Министрлик эмне дейт?

14 Теке 2023 10:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июлда Билим берүү жана илим министрлиги “Ай Кью» менчик мектептен аттестат алалбай жаткан бүтүрүүчүлөр тууралуу түшүндүрмө берди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаеванын айтымында, Токмок шаарындагы “Ай Кью» менчик мектеби күндүзгү жана сырттан окууга лицензия алган, бирок экстернат (бир жылда эки класс) боюнча тиешелүү документтери болгон эмес.

«Аттестат ала албай жаткан 84 окуучуга мамлекеттик мектептерде 11-классты окуп бүтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт»,-деди

Ошондой эле ал  «Ай Кью» мектеби өткөн жылы 19 балага аттестатты мыйзамсыз бергенин кошумчалады.

Буга чейин “Ай кью” жеке менчик мектебинде 84 окуучу аттестат ала албай жатканын бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери айтып, нааразы болушкан.

Количество просмотров: 92