• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айбек Кыштобаев: Нариман Ташболотович 4-апрелде «Ынтымак» паркында күтөм

31 Жалган куран 2021 19:58 Бишкек Govori.TV

«Ынтымак» партиясынын тең төрагасы Айбек Кыштобаев «Ак Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеевди ачык дебатка чакырды.

«Шаарда күн сайын кырдаал курчуп баратат: тынымсыз тыгындар, бузулган жолдор, кир аба, мектептерде жана бала бакчаларда орундардын жетишсиздиги. Шаардыктар менен шайлоого катышып жаткан талапкерлердин ортосунда объективдүү диалог жүргүзүлө турган мезгил келди. Мен Нариман Ташболотовичти ачык диалогго чакырам ”, — дейт Айбек Кыштобаев.

«Ынтымак» партиясынын тең төрагасы Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз эфирде мэрияга иш-чара тууралуу эскертүү калтырганын билдирди.
Дебат 4-апрелде саат 11: 00дө Ынтымак паркында болот.

Аткаруучу: «МИА Говори»» ЖЧКсы ; дареги: Бишкек шаары, К.Акиев к. 66. Буйрутмачы: “Ынтымак”саясий партиясы. Тираж 1 экз. Чыккан күну: 31.03.21 Буйрутма СПнын шайлоо фондусунан каржыланды, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Бектенова Ж.Д.

Количество просмотров: 241