• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айеркен Саимаити мурунку консул Сопоковдун унаасын ижарага алганбы?

26 Жетинин айы 2019 9:43 Бишкек Govori.TV

Түркияда киши колдуу болуп көз жумган ишкер Айеркен Саимаити Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун унаасын ижарага алган. Ал Сопоковго 10 миң доллар пара бергенин «Sozcu» түрк басылмасы билдирди.

Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Ишкер өлтүрүлгөн жерден Эркин Сопоковго таандык 34 CC 2902 консулдук номуру тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа табылган.

Эркин Сопоков «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаасы эмне үчүн Кытайдын жараны — ишкер Айеркен Саимаити өлтүрүлгөн жердин жанынан табылганын түшүндүрө албаганын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкен.

Кызматтык милдеттерин так аткарбаганы, «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы тууралуу» мыйзамдын жана Дипломатиялык байланыштар боюнча Вена конвенциясынын жобосун одоно бузганы үчүн Эркин Сопоковду кызматынан бошотуу тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама берилген.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.

Ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектелип 3 адам кармалган. Алар Түркиянын аймагынан чыгып, Сирияга кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары билдирген.

Кылмыш болгон жерде үч шектүүнүн жүргөнү видеокамерага тартылып калган. Ошондой эле камерага алардын унаасынын номуру түшкөн.

https://youtu.be/RL_LjLmxM2A

Тергөөнүн жүрүшүндө Адана облусунан Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер жана Али Исбе аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр кармоо учурунда карыз акчалары бар экенин айтышкан. Ошондой эле алар унаа кайсы жерге катылганын көрсөтүп беришкен болчу.

Булак: АКИ пресс.

Количество просмотров: 326