• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Айт намаз эски аянтта окулат. Муфтият иш-чаранын программасын жарыялады

29 Чын куран 2022 9:09 Бишкек Govori.TV

Айт намаз 2-май күнү Бишкектеги эски аянтта таңкы саат 06:00дө башталат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Айт намаздын программасы:

  • 06:00-07:00 — Дин аалымдарынын баяндамалары;
  • 07:00-07:20 — Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
  • 07:20-07:30 — Куттуктоолор;
  • 07:30 — Айт намаз.

Белгилей кетсек, эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. COVID-19 илдетинен улам 2020-жылы жапырт намаз окууга тыюу салынган. Быйыл Орозо айт 2-майга туш келет.

Количество просмотров: 304