• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат (тизме)

20 Чын куран 202314:04 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эртең, 21-апрелде Орозо айт намазына байланыштуу бир катар көчөлөр таңы саат 05:00дөн 09:00гө чейин жабылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, төмөнкү жолдор жабылат:

  • Панфилов көчөсү – Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү –Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин;
  • Тыныстанов көчөсү – Фрунзеден Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси – Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин.

“Айт намазга келген адамдардан кооптуу заттардын жоктугу текшерүү үчүн бекеттер коюлат. Жогорудагы айтылган аймакка токтотулган унаалар эвакуацияланат”, — деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 110