• Жекшемби 21 Теке 2024
  • Воскресенье 21 Июль 2024

Айтургандын өлүмү боюнча ишти Акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды

11 Теке 2024 12:36 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-июлда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш боюнча “Азаттыкка” берген маегинде айтты.

Акыйкатчы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу жакында эле изилдөө жүргүзүлгөнүн, бул багытта иш алып барган мекемелердин ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча Министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага кат жазганын кошумчалады.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан.

Маркумдун жакындары кыз күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышууда. Айтурган Маматкулова Оштун тургуну. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Ушул тапта социалдык тармактарда кыздын өлүмүнүн себептерин аныктап, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу боюнча талаптар жазылууда.

Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Алгач факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки териштирүү баштаган. Баштапкы экспертизада “Полидорго уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамыр курч жетишсиздиги” деген корутунду берилген. Андан ары окуяны тактоо үчүн иш Октябрь райондук милициясына өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 326