• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Ак-Ордо» жаңы конушуна 750 орундуу мектеп курулут

26 Жалган куран 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

“Ак-Ордо” жаңы конушундагы Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишине жаңы мектеп курууга сынак жарыялады. Бул тууралуу борбор шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы мектеп 750 орунга ылайыкталган. Жаңы окуу мектеби үч кабаттуу болуп, үч блоктон: окуу копусу, спорттук жана актовый залдан турат.

«Тендер борбор шаардык мэриясынын капитадык курулуш башкармалыгынын коомдук-мамлекеттик линиясы боюнча өтөт. Жаңы жалпы билим берүү мекемесин куруунун алгачкы сметалык баасы 195 млн 959 миң 79 сомду түзөт. Каржылоо булагы – шаардык бюджет»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 147