Бүгүн, 27-сентябрда Баткен облусунда Ак-Сай жана Самаркандек айылдарынын тургундары митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
Алар облустук администрациянын имаратынын алдына чогулуп, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолугууну талап кылышууда.
Алдын ала маалымат боюнча, алар кол коюлган протоколдор боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылып жатышат.