Бишкектин негизги аянттары менен көчөлөрүндө митинг-пикеттерди өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылганы белгилүү болду. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, 27-сентябрда ушул эле райондун администрациясынын 31-декабрга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот колдогон.
Биринчи май райондук соту 2022-жылы март айында Бишкектеги Ала-Тоо аянты баштаган бир катар аймактарда митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган.
Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.
Президент Садыр Жапаров 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алына турчу айланма жолдун ачылышында сүйлөп жатып Кыргызстанда туруктуулук орноп, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан.