• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Акаев онлайн окуу тууралуу маалымат кеч берилгенин сындады

13 Бештин айы 202310:54 Бишкек Govori.TV

Депутат Жанар Акаев Кыргызстанда мектеп окуучулары аралыктан окуй турганы боюнча алдын-ала маалымат бербеген кызматкерлерге чара көрүү демилгесин көтөрдү.

“Бишкек шаарында 215 миң мектеп окуучусу бар. Бүгүн алардын баарын азапка салдык. Эртең менен мектепке барышса онлайн окуу деп кайра үйүнө жиберип атышат. Эшикте болсо кандай суук болуп атат көрүп жатасыңар. Онлайн окуу болорун 1-2 күн мурун айтып, министрдин буйругу жиберилген жок”.

Суук аба ырайына байланыштуу 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстанда мектеп окуучулары онлайн окууга өттү.

Количество просмотров: 133