• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акматов: ЕАЭБдин келишимдерине таянып, биздин жарандардын укуктарын коргошубуз керек

25 Баш оона 2022 10:00 Бишкек Govori.TV

Евразия экономикалык биримдигинин келишимдерине таянып, биздин жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого жан үрөшүбүз керек. Мындай пикирин саясат талдоочу Айданбек Акматов Govori.TVнын «Майдан» дебатында билдирди.

«Биринчиден, биз Евразия экономикалык биримдигиндебиз. Кыргызстан ошол уюмга кирген учурда төрт эркиндикке жол берилген. Алсак, эмгек, кызмат көрсөтүү, капитал жана соода. Ошонун ичинен эмгек боюнча келишим түздөн-түз бузулуп жатат. Россия Федерациясынын максаты эмнеде?Геосаясий кызыкчылыгы барбы же болбосо ички кызыкчылыгы барбы? Ушул маселени биздин тийиштүү органдар, жогорку бийлик билүү менен маселени чечиши керек. Эмне себептен талаптарды катуулатып жатат акыр аягы табышыбыз керек. Эгерде диолог кыла албасак, анда оорчулук биздин мигранттарга тие берет. Алар дээрилк 2-3 айдан бери бизге шарттарды татаалдаштырып жатат деп айтып келишкен. Тышкы иштер министри же болбосо Президент Россиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүгө барып, кандайдыр кыймыл аракет жасаганын байкаганым жок. Алар менен иштери жоктой элес калтырышууда. Ошондуктан мигранттар аябай нааразы. Ошол Москвадагы элчиликке, биздин жетекчилерге нааразы болуп, тынымсыз арыз-муңдарын айтып жатышат. Биз Орусиянын ички себептерин аңдап билип, Евразия экономикалык биримдигинин келишимдерине таянып, биздин жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого жан үрөшүбүз керек»,-деди Акматов.

Количество просмотров: 163