• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Акматов: Лидер өзүнүн партиясын таштап, башка менен шайлоого кеткени бул — нонсенс

19 Жетинин айы 2021 11:10 Бишкек Govori.TV

Лидер өзүнүн партиясын таштап, башка менен шайлоого кеткени бул — нонсенс, мындай нерсе Кыргызстанда эле болот. Мындай пикирин БШКнын мурунку мүчөсү Жеңишбек Акматов Govori.TVнын «Майдан» дебатында билдирди.

Анын айтымында, партиялар сунуштап жаткан программалар кагаз бетинде эле калып калат.

«Бизде партия, партиялык түзулүш деген жок. Мисалы программа боюнча, кечээ эле башка бир партиянын лидери болуп, башка программаны жактап жүргөн адам бүгүн эле өзүнүн партиясын таштап башка менен шайлоого бара жатат. Жөнөкөй мүчүлөр болсо кеп башка… Жанагы партиянын уставы, программасы деген бул жөн эле фикция, бул Минюсттан эптеп каттоодон өтүү үчүн эле керек. Бул партия түзүп жаткан лидерлердин эле деңгээли да, алар өзү эмне партия түзүп жатканын билбейт, башка өлкөлөрдү карап «мына тиги партия утуп келиптир ошонун программасын алып көрөлү балким биз да утуп кетебиз» деп, каттоодон өтүп жатышат», — дейт ал.

Количество просмотров: 3084