Социал-демократтар саясий партиясынын мүчөсү Фархад Баабиев УКМК таратбынан кармалганы айтылды.
Маалыматка ылайык, ал 13-февралда кармалган.
Фархад Баабиев кармалганын УКМКнын маалымат борбору да журналисттерге ырастады, бирок толук маалымат бере элек.
Эске салсак, Социал-демократтар партиясынын лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси менен иш козголгон.