Президент Дональд Трамп бул тууралуу 6-декабрда, Ак үйдөн атайы жасаган билдирүүсү учурунда жарыялады.
Анын жарыясы Израил жана Палестина ортосундагы жаңжаалга карата жаңыча мамиле экенин белгилеген АКШ президенти төмөнкүлөргө токтолду:
-Мен Иерусалимди Израилдин борбору катары тааный турган убакыт келди деп чечтим. Мурдагы президенттер муну шайлоо өнөктүгүндөгү ири убадага айлантышканы менен ишке ашырбай келишкен. Мен бүгүн ушуну аткарып жатам. Мен бул багыттагы аракеттер Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына эң жакшы жооп берет жана Израил менен Палестина ортосундагы тынчтыкка умтулуу деген бүтүмгө келдим.
Президент Трамп Ак үйдөгү сөзүндө АКШнын элчилигин эми Тель-Авив шаарынан Иерусалим шаарына көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да жарыялады.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын жарыясын “тарыхый” деп атап, башка мамлекеттерди да АКШнын жолун жолдоого үндөдү.
Бирок Франциянын президенти Эммануэл Макрон Трамптын кадамын “өкүнүчтүү” десе, Түркиянын тышкы иштер министрлиги “жоопкерчиликсиз” деп айыптады.
Мурдараак Палестина жана араб лидерлери, АКШнын айрым чечүүчү өнөктөштөрү да Трампка анын кадамынан бүткүл Жакынкы Чыгышта кыянатчылыктар жаралыш
Маселен, британ премьер-министри Тереза Мэй 6-декабрда парламентте Британиянын туруму өзгөрбөгөнүн, Иерусалимдин макамын Израил-Палестина сүйлөшүп чечүүсү керектигин белгиледи.
Иерусалим боюнча бир тараптуу чарага Улуттар уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш каршы экенин анын басма сөз өкүлү маалымдады.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Трамптын күтүлүп жаткан чечимине каршылык билдирип, 13-декабрга Ислам кызматташтыгы уюмунун атайын саммитин чакырган.
Ирандын президенти Хасан Роухани Трамптын планын “туура эмес, мыйзамсыз, чагымчыл, өтө опурталдуу” деп атап, “мусулмандар бул ири кутумга биримдикте каршы турушу керектигин” айткан.
Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын өкүлү Набил Абу Рдене Иерусалимдин Израилдин борбору катары таанылышы алар үчүн “кабыл алынгыстыгын”, бул “тынчтык жараянды татаалдантып, ага тоскоолдук жаратарына” токтолгон.