• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Аксы районунун акими алмашты

19 Кулжа 202610:30 Бишкек Govori.TV

Намазалиев Азамат Абдисаламович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мунун алдында эле, президенттин тескемеси менен Максатбек Саргазаков Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 95