• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Аксыда 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди 

16 Жетинин айы 202414:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жерге-Тал айылында жаңы курулган 100 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталган. Ага “Ассанабиль” кайрымдуулук фонду каржылык жардам көрсөтүп, Нурланбек Шакиев өзүнүн резервдик фондунан да акча бөлгөн.

Ачылыш аземинин алкагында жергиликтүү эл менен баарлашкан Нурланбек Шакиев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, республика боюнча акыркы жылдары мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү жаңы социалдык мекемелерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Муну менен катар өлкөдөгү стабилдүүлүк жана ички ынтымак мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн айткан Төрага журтка бүлүк салган жагдайларга жол берилбеш керектигин да кошумчалады.

Количество просмотров: 146