• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ош–Ноокат жолундагы аныкталган кемчиликтер оңдолууда

17 Теке 202610:53 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда тараган Ош–Ноокат жолундагы кемчиликтер боюнча учурда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, аталган жолдо курулуш иштери 2025-жылы подрядчы мекеме тарабынан башталган. Учурда жол подрядчы мекеменин карамагында.

Бардык кемчиликтер толук жоюлгандан кийин гана жол Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасына атайын комиссиянын чечими менен өткөрүлүп алынары белгиленүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун аталган унаа жолдун Ош шаары аркылуу өткөн Мамыров көчөсүндөгү 3-4-чакырымында (Ош багыты боюнча) бир катар кемчиликтер аныкталган. Буга байлыныштуу кемчиликтерди жоюуга 3 күндүк мөөнөт берилген.

Теги:
Количество просмотров: 8