• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Аксыда сел жүрүп, суу көпүрөнүн бир бөлүгүн алып кеткен

20 Бугу 20269:21 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү Ак-Жол–Жолборсту унаа жолунун 1+300-чакырымында түнкү саат 02:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, келген сел сууларынын көлөмү көп болгондуктан, көпүрөгө батпай, анын бир таянычын агызып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган адамдар жок.

Учурда унаа жолу убактылуу жабылып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тийиштүү жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар жеринде калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 149