• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Актөбө: газды кайра иштетүүчү заводдогу өрттөн төрт киши оор жаракат алды

2 Бугу 2023 17:55 Бишкек Govori.TV

Актөбө облусундагы Жаңыжол кениндеги газ иштетүүчү заводдун аймагында чыккан өрттүн кесепетинен кеминде төрт адам жабыркады.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, өрт 1-майда чыккан.

Жаңыжол газ иштетүү заводундагы өрт тууралуу кабар “112” номерине 1-майда саат 15,55те түшкөн. Актөбө облустук өзгөчө кырдаалдар департаменти жеңил көмүр суутектүү орнотмо өрттөнгөнүн кабарлады. Жалын 2-май күнү саат 6.30 чамасында толук өчүрүлгөн.

“Күйүк алган 4 жумушчу Темир районундагы борбордук ооруканага жаткырылган. Жабырлануучулардын абалы оор, бирок туруктуу”, — деп айтылат акимчиликтин маалыматында.

Ыкчам штаб түзүлдү. Өрттүн себептери аныкталууда.

Количество просмотров: 41