• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Актөбөдө суу ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды

29 Жалган куран 2024 15:52 Бишкек Govori.TV

28-мартта Казакстандын Актөбө шаарында жана Актөбө облусунун үч районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.

Буга чейин бийлик Илек жана Каргалы дарыяларынын жээгинде жайгашкан 906 үй-бүлөнү көчүрүү чечимин кабыл алган.

29-мартка караган түнү Илек дарыясынын жээгинде жашаган 1193 адам (алардын 468и балдар) эвакуацияланды. Алар Актөбө шаарындагы №35 мектептин имаратына жайгаштырылды. Эвакуация иштерине куткаруучулар, акимчиликтен бөлүнгөн 80 автобус жана шаар тургундары менен такси айдоочулары катышты.

Буга чейин бийлик аймактагы Сазды жана Актөбө суу сактагычтары толгонун билдирген.

«Суунун жалпы көлөмү суу сактагычтын максималдуу сыйымдуулугуна жакындап калды, бул бүтүндөй шаарга коркунуч туудурат. Терс кесепеттерге жол бербөө үчүн сууну коё берүүгө аргасыз болуп жатабыз», — деген аким Азамат Бекет.

Ал Илек жана Каргалы дарыяларына жакын жайгашкан дача тургундарынан эвакуациялоого макулдук берүүнү өтүнгөн.

26-мартта күн кескин жылып кеткендиктен талаадагы кар ээрип, суу шаарды каптаган. Сазды дарыясы да жээктен чыккан. Бүгүнкү күндө 73 үйдү суу каптап, 155 адам эвакуацияланганы кабарланды.

28-март күнү кечинде суу каптаган Актөбө облусунун Кобда районунда, андан кийин Мугалжар жана Темир аймактарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кобда районунун акими Изгилик Тынымгереевдин айтымында, 24-мартта күн кескин жылып, кар эрий баштаган жана шаршемби күнү Кобда дарыясы жээгинен ашып, андан кийин суу 97 үйдү каптаган. Турак жайлардан тышкары онго жакын имарат, анын ичинде бизнес объектилерин суу каптаган.

Количество просмотров: 99