Актаудагы митингчилер тарай башташты. Бул тууралуу соцтармактагы жарыяланган видеодо айтылат.
Видеодон, алардын негизги талабы – Назарбаевдин отставкасы аткарылганын айтып жатышканын көрүүгө болот.
«Жетишет, бизге тынчтык керек. Назарбаев кетти, биз каалаган нерсеге жеттик. Үйүбүзгө тынчтык!» — дейт митингчилердин бири.
Бир күн мурун Токаев Назарбаевди Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан алынганын айткан.
2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды.
5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда «антитеррордук операция» жүрүп жатканы кабарланууда. Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал жарыяланган