• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Акылбек Жамангулов, ЖК депутаты: «Мигранттарыбыз Кумтөрдөн көп акча которот, коргошубуз керек!»

18 Кулжа 2018 8:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.06. 2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутат Акылбек Жамангулов 16-июнда Москвада жөө адамдарды унаасы менен сүзүп алган кыргызстандык тууралуу өз пикирин социалдык баракчасына жазды. Анда ал таксист мекендешибиздин жоокерчилигин жеңилдетүү боюнча тийиштүү органдар тез арада иш алып барышы керек деп эсептейт.
«Миңдеген мекендештерибиз мигрант болуп чет өлкөдө иштеп жүрөт, алар жыргаганынан өз өлкөсүнөн кеткен жок! Биздин мамлекетте жумуш орундары жоктугуна байланыштуу башка жакта, бөтөн элде, бөтөн жерде иштеп жүрүшөт.

Москвада тротуарга чыгып элди сүзүп кеткен мекендешибизди бир беткей карай берген болбойт, ал адамдын артынан башка мекендештерибиз жабыр тартбашы керек, окуянын чоо- жайын толугу менен билип, биздин бийлик өкүлдөрү тергөөнүн калыс болушун көзөмөлдөшү зарыл! Ал таксист мекендешибиздин ордунда ар бирибиздин тууганыбыз же өзүбүз болсок кандай болмок?

Албетте дүйнөлүк деңгээлде өтүп жаткан иш чара маалында, сырттан келген коноктордун жабыр тарканы өкүнүчтүү, ал эми ошол окуяга биздин мекендешибиз күнөөкөр болгону дагы өкүндүрөт.

Кантсе да, биз кечегидей таксист болуп күнү-түнү иштеп, өз окатын кылып, үй-бүлөөсүн багып биздин өлкөгө акча жиберип жакындарын багып жаткан мекендешибизден эмес, ТЭЦтен миллиондогон долларларды жеп койгон, ат тишти (кычкач) 600 долларга алган чиновниктерден уялышыбыз керек!


Мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз мамлекетке Кумтөр ишканасынан көп каражат которот! Биз алардын укуктарын коргошубуз керек!»,-деп белгилейт эл өкүлү. 
Количество просмотров: 24