• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Акыйкатчы Аксыда атылган жарандын окуясын иликтөөдө

9 Чын куран 2018 10:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.04. 2018. Govori.TV
КРнын Акыйкатчы Институту 2018-жылдын 7-апрель күнү Өзбекстан Республикасынын чек ара кызматкери тарабынан атылган кыргыз жараны Фархад Мырзакалыковдун өлүмүн иликтей баштады. Бул тууралуу институттун маалымат катчылыгы кабарлады.

Анда белгилүү болгондой, Акыйкатчы институтун кызматкерлери окуя орун алган жерге барып, чек арачылар, жергиликтүү элдер менен жолугуп, аймак башчылары менен бирге иштин иликтенишине байкоо жүргүзүп жатат.
“Учурда Өзбекстан Республикасынын Наманган вилоятында өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын, болгон окуя боюнча Аксы РИИБи тарабынан 33-18-50 сандуу КР Кылмыш жазык кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду. Акыйкатчы Кубат Оторбаев бул иштин иликтенишин өзү тыкыр көзөмөлгө алып турат”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек,  2018-жылдын 7-апрель күнү эртең менен саат 7:30да Кербен шаарынын 34 жаштагы тургуну Фархад Мырзакалыков Өзбекстан Республикасында жашаган тая эжеси Дилорам Бекиеванын үйүнө барып, артка кайткан. Ал үчүн Ф. Мырзакалыков арыктан аттап барып (бул арык шарттуу түрдө кыргыз-өзбек чек арасы катары саналат), саат 8:10дө кайра үйүнө жөнөп, Кыргызстандын аймагына өткөндө Өзбекстандын чек ара аскерлери жашынып турган жеринен артынан кууп келишип, бир аскери Кыргызстанга өтүп, Ф.Мырзакалыковду өздөрүнүн аймагына сүйрөйт. Ф.Мырзакалыков ал жакка өтпөй койгондо, Өзбекстандын чек арачысы Кыргызстандын аймагынан ок чыгарат. Ок Фархад Мырзакалыковдун башына тийгендиктен ал ошол эле жерден каза болгон.

 

Количество просмотров: 38