• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акыйкатчы абакта ачкачылык жарыялагандардан кабар алды

15 Бештин айы 2022 9:20 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова абакта ачкачылык жарыялагандардан кабар алды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Арызын жазып, ачкачылык жарыялагандар менен бүгүн жолуктук. Расмий 9 адам арыз бергени менен, 4 кишиден сырткары баары ачкачылык кармоодо деп маалымат беришти. Эртең так санын беребиз. Мындан сырткары, Мамбетжунус Абыловдун, Асия Сасыкбаеванын ден соолугу жакшы эмес экенин билдиришти»,-деп жазды ал.

14-декабрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор укук коргоочу Рита Карасартова, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Равшан Жээнбеков, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, активисттер Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов ачкачылык жарыялаганын билдирген.

12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 23 кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга — 20-февралга чейин узартты. Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калган, Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылган. Бул күндөрү жалпы 25 адамга карата чечим чыккан.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Количество просмотров: 700