• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Акыйкатчы «Аттракциондорду коопсуз иштетүү» эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү өтүндү

16 Теке 202413:35 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чуңкурчактагы эс алуу жайында адам өмүрү кыйылган окуяга байланыштуу Министрлер кабинетине кат жолдоду.

Жамиля Жаманбаева Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №171 токтому менен бекитилген «Аттракциондорду коопсуз иштетүү» эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү өтүндү.

Акыйкатчы тиешелүү ченемдик укуктук актыларды изилдеп, коопсуз шарттарды камсыз кылуу менен “банжи-жампингди” аттракциондун механикалаштырылбаган түрү катары тизмеге киргизүүнү сунуштады.

Количество просмотров: 105