• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кызматтан кеттиби?

25 Чын куран 2023 12:37 Бишкек Govori.TV

Айрым соцтармак колдонуучулары тарабынан КР Акыйкатчысы Атыр Абдархматова кызматтан кеткени тууралуу маалыматтар тараган. Ал эми Абдрахматова өзү бул маалыматты четке какты.

Анын айтымында ал азыр учурда иш үстүндө, жарандардын кайрылууларын кабыл алууда.

Ошондой эле Акыйкатчы өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу пост жазып, аны кетирүү аракети болуп жатканын кошумчалаган.

«Азыр эле жеке кабыл алуумда этникалык кыргыздар — Баткен раонунун тургундары И. Н. жана анын кызы Ж. М. болушту. Бул үй бүлө он жылдан бери Өзбекстандан Мекенибизге көчүп келген. Бирок 10 жылдан бери дагы деле үй бүлө бир да документин КРда ала албай убара. 2 кыз чоңоюп КРда турмушка чыгышкан, күйөлөрү кыргыз жараны болсо да, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбей, балдар бакчасына бара албайт. Бул агайдын кичүү уулу 2013-ж. КРда төрөлгөн, ага да күбөлүк беришпейт. Мен бул үй бүлөгө 17-мартта Баткенде элди кабыл алуу кылып жүргөндө үйүнө барып арыздарын алгам. Тилекке каршы жергиликтүү бийлик ошондо берген убадасын аткарбай, бул үй бүлөнү КР чек арасын мыйзамсыз өткөнсүңөр, силерди келген жагыңарга чыгарып салып кутулушубуз керек деген.
Ошол эле учурда, бул үй бүлөнүн иши боюнча Аппарат кызматкерлери да эч бир иш кылбай, адам укугун коргоо аракетин көрбөгөндүгү азыр аныкталды. Элдин укугун коргоодон көрө саясий оюндарга аралашып мени жамандап кетирүү аракетине убакыт коротконго туура көргөн экен да», — деп жазат ал.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматова 2022-жылдагы иштери боюнча баяндама жасаган. Акыйкатчынын баяндамасын кабыл алууга 14 депутат макул болуп, 41 депутат каршы чыккан.

Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштаган.

Количество просмотров: 425