• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Акыйкатчы үч жашка чейинки баласы бар аялдардын жаза мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну сунуштоодо

29 Жалган куран 2022 14:41 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова №2 аялдардын түзөтүү мекемесине барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул тапта колонияда үч жашка чейинки баласы бар 9 аял отурат. Алар өкүмдүн аткарылышын кийинкиге жылдыруу мүмкүндүгү колдонулбаганын айтышты.

«Мониторинг учурунда балдар үчүн ыңгайлуу балдар аянтчасы, тиешелүү шарт түзүлбөгөнү аныкталды. Коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Кийим жууй турган машина жок, балдардын памперстери жана манеждери тартыш», — деп билдирди Акыйкатчы институту.

Атыр Абдрахматова жаш балдары бар аялдардын жаза мөөнөтүн кийинкиге жылдыртуу мүмкүндүгүн колдонууга кеңеш берет.

Количество просмотров: 130