• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Акыйкатчы институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына кирүүгө ниеттенүүдө

16 Тогуздун айы 2023 17:43 Бишкек Govori.TV

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына (ИКУ АА) кирүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мындай чечим Стамбулдагы ассоциациянын Башкы ассамблеясынын жыйынына КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева катышкандан кийин КРнын Акыйкатчы институту тарабынан кабыл алынды.

Буга чейин Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясынын Башкы ассамблеясынын жыйынында Джамиля Джаманбаева ИКУ ААнын ишмердүүлүгүнүн алкагында адам укуктары жана эркиндиктери жаатында маанилүү демилгелер ишке ашырылганын белгилеген.

Эскерте кетсек, Кыргызстан жыйынга байкоочу катары катышты.

“Кыргызстандын Акыйкатчы институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясынын ишмердүүлүгүнө кызыгуу менен байкоо салып турат, анткени Кыргызстандын көпчүлүк жарандары ислам динин тутунат. Жарандардын диний эркиндиктеринин укуктарын коргоо Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат”, — деп айтты жыйында Джамиля Джаманбаева.

Жыйынга Ассоциацияга мүчө мамлекеттердин Акыйкатчылары катышты.
Жыйындын алкагында ИКУ ААга мүчө мамлекеттердин улуттук укук коргоо уюмдарынын адам укуктары жаатындагы кызматташтыгынын маанилүү экендигин талкуулашты, ошондой эле Акыйкатчынын ишинин натыйжасын жогорулатыш үчүн диалогду улантуу зарылдыгын белгилешти.

Акыйкатчынын Түркияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында КРнын Акыйкатчы институту аталган альянска кирүү чечимин кабыл алды, анткени ИКУ ААнын аянтчасында диний эркиндиктерге карата адамдын укуктарын коргоо боюнча маанилүү демилгелер талкууланат жана ишке ашырылат.

“Кыргызстандын Акыйкатчы институту жыйынга байкоочу катары катышты. Альянска кирүү менен Кыргызстандын Акыйкатчы институту ИКУ ААнын аянтчасында жарандардын дин тутунуу эркиндигин коргоо боюнча өзүнүн позициясын билдире алат”, — деп эсептейт Джаманбаева.

Азыркы учурда институт Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына кириш үчүн расмий кайрылууну даярдап жатат.

Количество просмотров: 100