• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Акыйкатчы институту: Мадумаров менен Кутманова абакта ооруп жатканын айтышты

9 Аяк оона 202313:07 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагында жаткан жардан кабар алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, акыйкатчылыктын кызматкерлери А. Тиленбаев, Н. Камчыбеков, Адахан Мадумаров, Динара Кутманова отурган камераларга барышкан.

Алар менен сүйлөшүүдө Адахан Мадумаров кант диабетинин экинчи түрү менен ооруй турганын, андыктан электрокардиостимулятор керек экенин айткан.

Камактагы Динара Кутманова жүрөк кемтиги дарты барын, клапанды алмаштырышы керектигин айтып, маселени тез арада чечип беришин талап кылган.

ЖАМК бул боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 971