• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акыйкатчы институту жапырт камоолор боюнча жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгын жарыялады

5 Жетинин айы 2022 11:28 Бишкек Govori.TV

23-25-октябрындагы жарандардын массалык камакка алууда адам укуктарынын сакталышына Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыктарын жарыялады.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренелери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кылмышка даярдык көрүү жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу», Кемпир-Абад суу сактагычынын статусун талкуулоого байланыштуу 20дан ашык активист менен журналисттерди кеңири тинтүү (үйлөрүн) жана кармоо иштери жүргүзүлгөн.

Буга чейин 2022-жылдын 15-октябрында Өзгөн шаарында өткөн курултайда кабыл алынган чечимдин негизинде Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөн. Комитеттин курамына саясатчылар, ар кандай саясий партиялардын мүчөлөрү, активист жарандар кирген. ИИМ тараптан кармалгандардын көбү жогорудагы Комитеттин мүчөлөрү болгондуктан, 23-октябрда алардын жана башка активисттердин үйлөрүн тинтүү жана камоолор, Кемпир-Абад суу сактагычынын макамы жана бул маселе боюнча өлкө бийлигинин чечимин өзгөртүү боюнча мүмкүн болгон мыйзамдуу чаралар талкуулангандыктан жүргүзүлгөнүн айтышууда.

Тинтүүлөр өткөрүлгөндө айрым учурларда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан:

— тинтүү тууралуу жарандарга толук маалымат берилбегенин, 

— орой мамиле жасоо, 

— өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирүү, 

— ишке тиешеси жок буюмдарды алуу, 

— активисттерге жана алардын жакындарына фото жана видео тартууга тоскоолдук кылуу сыяктуу мыйзам бузуулар орун алган.

Тинтүү иштеринин натыйжасында 20дан ашык адам кармалып, аларга «массалык баш аламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылган. Кармалгандар Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун бир катар райондорундагы убактылуу кармоочу жайларына киргизилген.

Көпчүлүк кармалгандар убактылуу кармоочу жайлардын абалына нааразычылык билдиришти, анын ичинде: 

дааратканалар имараттын сыртында;

(Сокулук, Ыссык-Ата, Токмок)

имараттын ичиндеги даараткананын тазаланбаганы (Бишкек), гигиеналык талаптарга жооп бербеши; 

суук, уктаганга тиешелүү жабдыктардын жетишсиздиги, эскилиги, гигиеналык талаптарга жооп бербеши; 

имараттын, камералардын кирдиги, гигиеналык талаптарга жооп бербеши;

нымдуулук.

Убактылуу кармоочу жайлардын улуттук мыйзамдардын талаптарына жана эл аралык деңгээлде таанылган жарандарды кармоо стандарттарга ылайык келбейт. Акыркы 4 жылдан бери Акыйкатчы Институту жылдык жана атайын баяндамаларында, убактылуу кармоочу жайлардын мындай шарттарын, кармалган жарандарга карата адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле катары бааланарын баса белгилеп, өзгөртүү сунуштарын берип келет, бирок аткаруу бийлиги тарабынан сунуштар ишке ашырылбай жатат.

Өзгөчө белгилей кетчү жагдай, 23-24 октябрь күндөрү, социалдык тармактарда, мессенджерлерде 22-октябрда өткөн Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынында болгон талкуунун үн жазмалары таркатылып, ошол эле учурда жыйынга катышпаган башка активисттерге карата ар кандай мүнөздөгү терс мүнөздөгү маалыматтар жайылтылган. Көпчүлүк материалдарда, кармалгандар атайын мыйзамсыз аракеттерге даярдык көргөн деген алдын ала айыптоо, каралоо форматында болгон. Бул жагдай, Акыйкатчы Институтун өзгөчө тынчсыздандырат, себеби тергөө тарабынанбы же башка кызыктар тараптардан социалдык тармактарда жана мессенджерлерде, мамлекеттик бюджеттен каржыланган телерадио берүү мекемелеринде кармалгандарга карата терс коомдук пикирди калыптандыруу максатында маалыматтарды таратуу — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинде кепилденген күнөөсүздүк презумпциясын жокко чыгарып, кылмыш жаза сот өндүрүшүнүн өзөгүн түзгөн:

— укуктун жана мыйзамдуулуктун үстөмдүүлүгү;

— судьялардын көз карандысыздыгы;

— кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин корголушу;

— кылмыш-жаза сот өндүрүшүн тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылышы;

— иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүгү;

— далилдерди калыс жана эркин баалоо принциптеринин бузулушуна алып келгени, элдин жана эл аралык коомчулуктун алдында алдын ала тергөөнүн жыйынтыктарына ишенбестикти жаратты. 

24-25-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кармалгандар кеч алып келинип, аларга карата баш коргоо чарасын тандоо боюнча материалдар саат 18:00дөн 05:30га чейин каралган. 

Өзгөчө көңүл бура турган жагдай- ИИМнин тергөөчүлөрү шектүүлөрдү сотко кечки 18.00 жакын алып келгени канчалык негиздүү? Кармалуунун мыйзамдуулугун жана баш коргоо чарасын тандоо боюнча маселе соттордо күндүн кечинен таң атканга чейин каралган. Мындай иш аракетин ИИМдин кызматкерлери мыйзамда каралган процессуалдык мөөнөттөрдү сактоо аракети дегени менен, алардын чабал иш алып баруусу Кыргыз Республикасынын мыйзамадардын, эл аралык стандарттардын сакталбашына алып келди жана ошондой эле кылмыш жаза сот өндүрүшүндө төмөнкү адам укуктарынын бузулушуна шарт түздү:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 44-беренесин бузуу менен кылмышка шектүүлөргө кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү берилген эмес;

2. Жактоочуну өзүнүн кардарына кабыл алуу үчүн анын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактылары байкалган;

3. Шектүүлөрдү камакка алуу жөнүндө токтомдорго кармоо учурунда жок болгон тергөөчү кол койгон;

4. Процесстик иш-аракеттерди жасоодо ал түздөн-түз катышпаса да, тергөө тобунун жетекчисинин колу процесстик документтерге коюлган;

5. Журналисттерди ачык сот отурумдарына киргизбей койгон учурлар болгон;

6. Адвокаттын көз карандысыздыгынын жана кол тийбестигинин кепилдиктери, анын ичинде адвокатты сот актысынын негизинде гана тинтүүнү, кармоону жана камакка алуу талабы бузулган.

Мындан сырткары, кармалгандарды Биринчи май сотунда тамак-аш же ичүүчү суу менен камсыздалбашы, жакындары алып келген жылуу кийимдерди кармалгандарга берилишин тийиштүү кызмат тарабынан чечилбегенин белгилейбиз.

Ошо эле күндөрү Жогорку Кеңештин мурдагы спикери К. Исаев да камакка алынып, анын иши “купуя” грифи менен сотто каралып, К. Исаев Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алынды. 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А. Абдрахматова  1-ноябрда Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинде (№21 мекеме) камактагы 25 аялга жолугуп, аларга карата кылмыш-жаза сот өндүрүш иштери жүргүзүлгөндө алардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы тууралуу пикирлерин билди. Камактагы айымдардын арасында А. Сасыкбаева, Г. Джурабаева, К. Сооронкулова, О. Нарматова да бар болгон, алардын көбү №21- мекеменин кызматкерлерине нааразычылык жоктугун билдирүү менен, камоо шарттарында аялдарга жылуу суу жоктугун, туугандары менен байланышка чыкканга телефон берилбегенин, тез-тезден аба алмаштыруу мүмкүнчүлүк жоктугун айтышкан. О. Нарматова болсо ден соолукка байланыштуу башка камерага которулушу керектигин билдирген (2-ноябрда башка камерага которулду).  

2022-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д. Бекешев, Ж. Акаев, М. Самыйкожо, Э. Токтошев менен Акыйкатчы А. Абдрахматова биргеликте №21 мекемеде  камактагы баардык аялдарга жолугуп (элүүдөн ашуун), абалы менен таанышып чыгышты.  Алардын арасында Кемпир-Абад коргоо кыймылынын ишмердүүлүгүнүн алкагында камалгандар да бар болгон. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга, Бангкок эрежелерине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык:

— ар бир адам өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу жана эч ким өз оюн айтууга жана андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес;

— жарандар тынч чогулушууга, тынч митингдерди (жүрүштөрдү ж.б. тынч акцияларды) өткөрүүгө укуктуу;

— ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун сот тартибинде толтуруп берүү үчүн негиз болот;

— ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу.

Шектүүлөргө бөгөт коюу чарасын караганда, ар бир шектүү катары кармалгандын өмүр баянын жана туугандык байланыштарын тийиштүү түрдө эске алынбаганы, алардын үй-бүлөсүнөн жана жамаатынан бөлүнбөөсүн, аларга каршы таасир этүүнүн альтернативдүү ыкмаларын колдонуу эрежелерине көңүл бурулбаганын, ошондой эле алардын ар биринин:

— тергөөдөн же соттон жашырынып кетүүсүнө,

— күбөлөргө же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына коркунуч келтирүүсүнө,

— далилдерди жок кылуусуна, 

— башка жол менен тергөөнү жана ишти сотто териштирүүнү объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылуусуна,

— кылмыштуу иш менен алектенүүнү улантуусуна канчалык деңгээлде жетиштүү негиздер бар экенине тергөөчүлөр, прокурорлор, тергөө судьялары баа бергендиги тууралуу бир да мыйзамдуу негиздеме жоктугу, калыптанган негизсиз баардыгына “камакка алуу” баш коргоо чарасы колдонулганы, “бир аз отура турсун, эсине келет” — деген ыкманын адам укуктарын, мыйзам кепилдиктерин бузууга алып келгени Акыйкатчы Институтун өзгөчө тынчсыздандырат.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, соттордун аялдарга карата кылмыш иштерин кароо боюнча эл аралык укуктун ченемдери – аялдарды эркинен ажыратуу жазаларынын санын кыскартуу максатында сот бийлиги жана түрмө кызматкерлери үчүн белгиленген Бангкок эрежелери бузулгандыгын Акыйкатчы Институту баса белгилейт.

Укук коргоо органдарынын таң атпай кыска мөөнөттө тинтүү иштерин жүргүзүүгө, бардык шектүүлөргө бирдей суроолор менен сурактарды өткөрүүгө, Кемпир-Абад коргоо комитеттин жыйынына катышпаган адамдарды кармоого, дээрлик бардык камактагыларды, атүгүл улгайган курак жана жашы жете элек балдары бар аялдарды да сот аркылуу камакка алууга шашкандыгы, ошо эле учурда “жаздан бери массалык баш аламандыкка даярдык көрүп жаткансыңар” дегени менен процессуалдык документтерди тууралабай сотко алып барып, тергөө кемчиликтерин сот аркылуу жымсалдоо аракеттери бул иштин “бөрк ал десе, баш алган” өңүттө болгондугун көрсөтүп, укук коргоо органдарынын мындай аракеттерин Кыргыз Республикасынын бийлигинин атайылап эл алдында да, эл аралык коомчулуктун алдында да кадыр-баркын түшүрүү аракет катары Акыйкатчы Институту баалайт.

Укук коргоо органдары сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктар боюнча эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын бузуп, Кыргыз Республикасын дүйнө жүзүнө “полициялык мамлекет” катары таанытууга, адам укуктарын сыйлабаган, одоно бузган мамлекет катары сын-пикир укканга жол ачты.

Белгилүү болгондой, бир катар беделдүү эл аралык Бириккен Улуттар Уюмунун Адам Укуктары боюнча Жогорку Комиссары, Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм (OMCT), CIVICUS: Жарандардын катышуусу үчүн глобалдык альянс, Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча ассоциация (AHRCA), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR), Freedom Now укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин терс баалап, камактагы активисттер менен блогерлерди адилеттүү соттоого, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин так аткарууга жана адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого чакырды.

Акыйкатчы Институту Кыргыз Республикасынын жетекчилигин, Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, жана ошондой эле Башкы прокурорду, Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун судьяларын, Кыргыз мамлекетин адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарды сыйлаган жана сактаган, өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткарууну карманган өлкө катары эл аралык имиджин жана беделин сактоо максатында төмөнкүгө чакырат:

1. Сөз, ой эркиндигин, саясий плюрализмди мамлекетте баардык адамдарга кайсы бир позициясына карабай ишке ашуусуна шарт түзүүгө;

2. Убактылуу кармоочу жайлардагы бардык шектүүлөргө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын, Бангкок эрежелерин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптары менен кепилдиктеринин так сакталышы менен бөгөт коюу чараларын кайра карап чыгууну;

3.  Күнөөсүздүк презумпциясын, сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарынын ачыкка чыгарылышы ким тараптан болгондугун аныктап, жоопкерчиликке тартууну;

4. Тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун, соттордун иштин жыйынтыгына алдын ала ынанымдын же жеке кызыкчылыктардын таасиринде болбоого, каралып жаткан конкреттүү кылмыш ишине карата бир тараптуу болбоого же бир тараптын кызыкчылыктары үчүн экинчи тарапка зыян келтирүүчү негизсиз аракеттерди көрбөөгө кепилдик кылган шарттарды камсыз кылууга;

5.  Жогоруда көрсөтүлгөн ИИМнин кызматкерлери тараптан адам укуктарынын бузулушуна укуктук баа берүү менен жоопкерчиликке тартууну.

Количество просмотров: 172