• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акыйкатчы Караколдогу тергөө абагынын шарттары менен таанышты 

27 Жетинин айы 2023 16:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Караколдогу тергөө абагына камалгандардын кармоо шарттары менен таанышты.

Акыйкатчы кармалып тургандардын шарттары менен таанышуу үчүн камераларды тандап кирип жатты.

Камералардын биринде чет элдик жарандар — Россиянын үч жараны, Өзбекстандын бир жараны, Монголиянын бир жараны бар экен. Алардын баары чек арадан мыйзамсыз өтүп келе жатканда кармалышкан. Кармоо шарттарына алар даттанышкан жок, ошондой эле Акыйкатчы институтуна алардын укуктарын коргоо боюнча кайрылышкан жок.

Башка камерада алтоо — милициянын мурдагы кызматкерлери камалган.

Алар да кармоо шарттарына арызданышкан жок, бирок бешөө акыйкатчыга сот жыйындарында алардын укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Алардын бири баңгизатын таштап салышып, жалаа жаап жатышканын айтты.

Ал эми милициянын мурдагы үч кызматкери аларга карата колдонулган баш коргоо чарасына — камакта жаткандарына макул эмес.

Тергөө абагына акыйкатчы барган кезде 69 адам кармалып турган, алардын бирөө аял, дагы бири жашы жете элек өспүрүм.

Акыйкатчы камактагы аялдын шарты менен таанышты. Аны пробация шарттарын бузганы үчүн соттун чечими менен тергөө абагына киргизишкен экен. Аял да кармоо шарттарына даттанган жок.

Башка бир камерада 17 жана 18 эки жаш жигит бар экен. Алар да кармоо шарттарына арызданышкан жок.

Мындан соң акыйкатчы камактагыларды сейилдетүүгө алып чыгуу шарттары менен таанышты.

Тергөө абагынын башчысы мекеменин ичиндеги мамлекеттик ишкананы көрсөттү, анда камактагылар үчүн нан бышырышат.

“Камактагыларды беренесине карап нан бышыруучу жайга тандап алышат, аларга айлык маяна берилет. Буга чейин соттолбогондорду жана оор кылмыштарга шектелбегендерди тандап алабыз”, — деп айтышты жабык мекеменин кызматкерлери.

Ошондой эле тергөө абагынын башчысы жылытуу мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдык менен тааныштырды.

“Мекемени жылуулук менен камсыздаш үчүн баардык чаралар көрүлүүдө. Көмүр алынды, жылытууга жаңы мештер коюлду”, — деп айтты тергөө абагынын башчысы.

Акыйкатчы мекеменин жетекчилигине камактагылардын укуктарын сактоону камсыздоонун маанилүү экени жөнүндө эскертти.

“Аталган мекемеде камакка алынгандардын айткан баардык кайрылуулары боюнча Акыйкатчы институту чара көрөт. Камакка алынгандардын укуктары бузулбашы керек. Баардык кайрылуулар өзүмдүн жеке көзөмөлүмдө болот”, — деп айтты акыйкатчы, адам укуктарынын жалпы таанылган принциптерине ылайык тергөө абагынын жаңы имаратынын курулушун тездетүүнүн маанилүү экендигин кошумчалоо менен.

“Имарат эски. Камактагылардын кармоо шарттарынын нормаларына ылайык келе турган жаңы имаратты куруу талап кылынат”, — деп белгиледи акыйкатчы.

Имараттын жетекчилиги берген маалыматка таянсак, Караколдогу тергөө абагынын имараты 1900-жылдарда курулган.

“Адегенде имаратты кербен сарай кылыш үчүн курушкан. Андан кийин аны тергөө изолятору кылышкан”, — деп айтышты кызматкерлер.

Тергөө абагы 142 адамга эсептелген.

“Мурда орундар көп болчу, бирок бир аз мурда имараттардын бири авариялык абалда деп табылды. Кийинки жылы жаңы имараттын курулушу күтүлүп жатат”,-дейт тергөө абагынын башчысы.

Мамлекеттик органдар берген маалыматка таянсак, Каракол шаарынын чет жагына тергөө абагынын жаңы имаратынын курулушу Министрлер кабинети тарабынан бекитилген жол картасына киргизилген.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды Караколдогу тергөө абагынын жаңы имаратынын курулушун тездетүүгө чакырат.

Количество просмотров: 135