• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акыйкатчы «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады

18 Теке 2023 15:08 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчы адам укуктары тууралуу эл аралык жана Конституциялык мыйзамдарды сактоо максатында демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунан баш тартуу зарыл деп белгилеп, демилгечилерге мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыгууга сунуш берген.

Мурдараак Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Ага алгач Нарматова баш болгон 33 депутат демилгечи болгон.

Бирок, бир катар нааразы пикирлерден соң аталган мыйзам долбооруна авторлош болуудан баш тартып, төрага Нурланбек Шакиевдин дерегине арыз беришкен. 

Кошумчалай кетсек, буга чейин “Адилет” укуктук клиникасынын жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын юристтери чуулгандуу демилгелердин көтөрүлүшү жарандык сектордун жоюлушуна алып келерин билдиришкен. Алардын комментарийлерине көңүл бурулган эмес.

Эске салсак, бешинчи чакырылышта депутат Надира Нарматова кесиптеши Турсунбай Бакир уулу менен биргеликте ушундай эле документти сунуштаган. 2016-жылдагы мыйзам долбоору үчүнчү окууда алтынчы чакырылыштын депутаттары тарабынан четке кагылган.

Количество просмотров: 85