• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Акыйкатчы: Кыргыз жаранынын Тажикстанга өткөрүлүшүнө жол берилген жок

25 Тогуздун айы 2023 14:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Орусияда кармалган жаранынын Тажикстандын күч органдарына өткөрүлүшүнө жол берген жок. Бул тууралуу 25-октябрда өлкөнүн акыйкатчысынын кеңсесинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, тажик тарап ал жаранга эл аралык издөө жарыялаган, бирок акыйкатчынын жана Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен аракети менен Орусия аны Тажикстанга экстрадициялоодон баш тартты жана кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эркиндикке чыгарды.
Ал 2013-жылы Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келгени, кыргыз жарандыгын алып, ошондон бери бул жакта жашап жүргөнү, быйыл эмгек миграциясына Орусияга барганда чек арадан кармалганы маалымдалды.

Иштин материалдарында айтылгандай, ал 2010-2013-жылдары Тажикстандын куралдуу күчтөрүндө келишимдик кызматта иштеген, 2013-жылы ага “аскердик бөлүктү өзү билип таштап кеткен” деген айып тагылган.

Кыргызстандын акыйкатчысы, тышкы саясий мекемеси Новосибирск шаарындагы башкы консулдук менен бирге аны экстрадициялоого негиз жоктугу тууралуу бардык далилдерди келтире алышкан.

Натыйжада Орусиянын Рубцов транспорттук прокуратурасы кыргыз тараптын жүйөлөрүн кабыл алып, аны кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү 2019-жылы өтүп кеткенин белгилеп, бошотуу тууралуу чечим кабыл алды.

Кыргызстандын жүз миңдеген жараны ушу тапта Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

Количество просмотров: 109