• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акыйкатчы: Мугалим менен окуучунун чыры боюнча класстын башка окуучуларына да басым болууда

30 Бугу 2022 12:21 Бишкек Govori.TV

Кылмыштын курамы тастыкталса, баланы урган мугалимдин жазасы башкача болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, азыр ага сабалган окуя болгон класстын башка окуучуларына да басым болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

«Окуяны видеого тарткан балага басым болуп жатат. Ошондой эле видеодо тарта бер деп белги кылган кызга да карата басым болгону тууралуу маалымат бар», — деди ал.

Акыйкатчы өлкөдө балдар зордук-зомбулукка кабылса, жардам сурап корккон кырдаал болбошу керектигин белгиледи.

26-майда социалдык тармактарда мугалимдин окуучуну сабаганы тууралуу видео тараган.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жогорудагы окуя боюнча билдирүү таратып, мектепте болгон окуя боюнча 25-май күнү Сузак райондук милициясына катталып, алдын ала текшерүү жүргүзүлгөнү айтыган.

“Териштирүүдө окуя 2022-жылдын 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгондугу, мектептин 7-классынын окуучусу Д.Хны информатика сабагынан мугалим Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган. Мугалим 23-май күнү 7-класстын окуучусу Д.Х. менен өзүнүн кызы К.А. өз ара сөз талашып, айтышып кеткен учурда, сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткен. Окуучу Д.Х. орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып, тарбиялык мааниде уруп жибергенин айткан”, — деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалимге эскертүү берилип, жумушка кайтарылганы маалымдалган.

Ага чейин социалдык тармактарда тараган видеодо окуучуну ур токмокко алып жаткан мугалим өз арызы менен жумуштан кеткент айтылган болчу.

Количество просмотров: 452