Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте айрым мектептерде оңдоп-түзөө иштерине ата-энелерден акча чогулткан фактылар аныкталып, бир нече иш укук коргоо органдарына берилгенин билдирди.
Бул тууралуу ал 3-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты жана анын негизинде мугалимдер кызматтан кеткен учурлар болгонун кошумчалады. Догдуркүл Кендирбаева мектептерде акча чогултууга тыюу салынганын, мыйзамсыз акча жыйынаган директор, мугалимдерге катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.
Агартуу министрлиги буга чейин мугалимдерди мектептин оңдоп-түзөө иштерине, өзгөчө жайкы эс алуу мезгилинде, тартууга тыюу салынганын кабарлаган.