• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акыйкатчы Нарын шаарындагы тергөө абагына барды

14 Бештин айы 202318:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Нарын шаарындагы тергөө абагына барды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Жаманбаева тергөө абагындагы камераларда кармоо шарттары менен таанышты.

Камалгандар кармоо шарттарына арызданышкан жок, бирок сот жыйындарынын маалында алардын укуктарын коргоону өтүнүштү.

Андан соң, акыйкатчы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барды.

Жамилия Жаманбаева ал жактагы кармоо шарттары менен дагы таанышып чыкты. Учурда убактылуу кармоо жайында кармалган жарандар жок.

Количество просмотров: 130