• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акыйкатчы Нидерланддын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

14 Бештин айы 2023 12:42 Бишкек Govori.TV

 Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева жана Нидерланд Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Нико Шермерс менен жолукту.

Жолугушуу Бишкектеги КРнын Акыйкатчы институтунда болду.

Акыйкатчы институтунан кабарлашкандай, пикир алышуу маалында тараптар Кыргызстан менен Нидерланддын адам укуктары жана эркиндиктери боюнча өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча талкуулашты.

Кыргызстандын акыйкатчысы менен Нидерланд элчиси жалпы таанылган эл аралык укуктар жана принциптерге ылайык, эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы маселелерде өз ара түшүнүшүүгө жетишти.

Жамиля Жаманбаева КРнын Акыйкатчы институту өлкөнүн чегинен тышкары да адам укуктарын коргоо боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

“Биздин кызматташтык адам укуктары жана эркиндиктерин сактоо жаатында оң натыйжаларды алып келиши мүмкүн. Азыркы учурда Акыйкатчы институту башка өлкөлөрдүн укук коргоо институттары менен кызматташтыкты күчтөндүрөт, анткени адам укуктарынын чек арасы жок.

Биз ошондой эле Нидерланд королдугунун улуттук Акыйкатчысы менен кызматташууга кызыкдарбыз, анткени аталган өлкөнүн адам укуктары жаатындагы эксперттик иш тажрыйбасын изилдегибиз келет.

Азыркы учурда Акыйкатчы институту адам укуктарынын системалык бузулушун ачыктоого басым жасап, ошондой эле КРдагы адам укуктары жана эркиндиктеринин ченемдик укуктук базасын эл аралык стандарттарга толук шайкеш келтирүү идеясын активдүү илгерилетүүдө. Мындан тышкары биз өлкөнүн адам укуктары жана эркиндиктери жаатында эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттерин ишке ашыруу бөлүгүнө өзгөчө көңүл буруп жатабыз”, — деп белгиледи акыйкатчы.

Нико Шермерс адам укуктары жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыга турганына ишенээрин билдирди.

“Сиздердин институтка келгендигибиз абдан зор кубаныч. Кыргызстандагы Нидерланддын элчиси болуп дайындалгандан кийин мен алгач келген мекеме сиздердин институт болуп калды. Бул Нидерланд Королдугунун адам укуктарына мамилесин көрсөтүп турат. Азыр Кыргызстанда зомбулукка каршы акция өткөрүп жатышат. Гендердик зомбулукка каршы акциялар бүткүл дүйнөдө актуалдуу. “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” деп аталган акцияны колдоо белгиси катары мен да бүгүн ачык кызык галстук тагындым”, — деп белгиледи элчи.

Нидерланд элчиси Акыйкатчынын ролунун маанилүү экендиги жөнүндө кошумчалады.

“Ал тургай эң мыкты өкмөт дагы ката кетирип алат же болбосо кайсы бир бузууларды көрбөй калат. Дал ошондуктан жарандардын укуктарын коргой турган Акыйкатчы керек. Жана бул абдан эле чоң жоопкерчилик, анткени сиз өкмөттөн көз карандысыз иштөөгө милдеттүүсүз. Кээде ал тургай аны сындаганга туура келет. Бирок бул сиздин маанилүү экендигиңизди көрсөтүп турат. Дал ушул көз караштан алганда алдыңыздарда кандай чакырыктар менен артыкчылыктар турганын билиш үчүн мага сиздердин мекемеге келүү абдан маанилүү болду. Биз сиздерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн түшүнүп турабыз. Өз кезегинде биздин өлкөлөрдүн жарандарынын укуктарын коргоо маселесинде биз ачыкпыз жана колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, — деди элчи.

Количество просмотров: 58