• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Акыйкатчы убактылуу кармоочу жайдагы адамдардын укугун коргоого чакырды

5 Чын куран 2024 11:53 Бишкек Govori.TV

 Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылуу үчүн тез арада чара көрүүгө чакырат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Ошондой эле, акыйкатчы убактылуу кармоочу жайда адам укуктарынын бузулушуна жол берген кызматкерлерге чара көрүү зарылдыгына көңүл бурат.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 3-апрелде Сокулук райондук убактылуу кармоочу жайда мониторинг жүргүздү. 2-апрелде ЖМКларда Б.У. аттуу кармалган жаран асынган абалда табылганы тууралуу маалымат чыккан.

Институттун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдыгы Б.Унун сөөгү табылган камераны карап чыгышты.

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган Б.У. нун камерасында белгиленген эреже боюнча коюлуучу видео байкоо болгон эмес.

Белгилей кетсек, аталган убактылуу кармоочу жайдын башка камераларында видео байкоо болгон.

Милиция институттун кызматкерлерине Б.У нун убактылуу кармоочу жайында эмне себептен кармалып турганын айтышкан.

Милициянын маалыматына ылайык, УКЖда кармалып тургандар, анын ичинде У.Б. дагы 2024-жылдын 1-апрелинде РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаардык №1 тергөө изоляторуна которулмак.

Бирок, анын өздүгүн тактаган документтери жок болгондуктан, №1 тергөө изоляторуна кабыл албай койгон.

РИИБдин маалыматты боюнча бул системалык көйгөй. Б.У. башка кармалып турган жарандар менен бирге РИИБдин убактылуу кармоочу жайына кайтарылган.

Кийинки күнү башка кармалып тургандар сотко кеткенде, Б.У камерада калган. Бир аз убакыттан кийин аны асынып турган абалда табышкан.

“Убактылуу кармоочу жайда адам укуктарынын сакталышына тийиштүү көзөмөлдү жана контролду камсыздоо мамлекеттик бийлик органдарынын негизги функцияларынын бири болуп саналат”, — деп баса белгиледи акыйкатчы.

Количество просмотров: 72