• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акыйкатчы Токон Мамытов Венеция комиссиясына кайрылды

27 Жетинин айы 2020 14:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Европа Кеңешинин кеңеш берүүчү органы болгон Венеция комиссиясынын төрагасы Жанни Букикиого кайрылып, Кыргызстанда Баш мыйзамдын сунуш кылынып жаткан жаңы долбооруна эл аралык экспертиза жүргүзүүгө көмөктөшүүнү суранды. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматы 27-ноябрда билдирди.

«2020-жылдын 20-ноябрында Конституциялык кеңешме түзүлүп, долбоорду талкуулап жатат. Жарандардан да сунуштар алынууда. Сизден да Конституциянын жаңы долбоору адам укуктары боюнча стандарттарга канчалык шайкеш келерине эл аралык экспертиза жүргүзүүгө көмөктөшүүңүздү өтүнөм», — деп айтылат кайрылууда.

Венеция комиссиясы буга чейин да Кыргызстандын Жогорку Кеңеши конституциялык реформа жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок деп билдирген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбооруна ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Коомдук-саясий чөйрөнүн жаңы долбоорго каршы тарабы Баш мыйзам ушул калыбында кабыл алынса жеке бийлик орнойт деген пикирлерин айтышууда.

Количество просмотров: 2527