• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Акыйкатчы тынч чогулуштарга коюлган чектөө жөнүндө билдирүү таратты

17 Жалган куран 2022 12:06 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Бишкектин Биринчи май райондун аймагында, Орусия Федерациясынын элчилигинин алдында, борбордук Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана Президенттик аппараттын имараттарынын алдында бардык жарандарга тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча билдирүү таратты.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 39-беренесине ылайык, “ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу”.

Ал эми, Кыргыз Республикасы ратификациялаган “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө” Эл аралык Пактынын 21-беренесине ылайык, жарандардын тынч чогулуу укугу таанылган. Бул укукту ишке ашырууга мыйзамда белгиленген чектөөлөрдөн жана демократиялык коомдо улуттук же коомдук коопсуздуктун, коомдук тартиптин, калктын саламаттыгын же адеп-ахлагын коргоо же башкалардын укуктарынын жана эркиндиктеринин коргоо талаптары үчүн зарыл болгон чектөөлөрдөн башка учурларда колдонулбашы керек экендигине кепилдик берилген.

Бул кепилдикти Кыргыз Республикасы милдеттенме катары эл аралык коомчулуктун алдында кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесинде көрсөтүлгөндөй, тынч чогулуш укугун чектөө учурлары так, чыныгы коркунучтарга өлчөмдөш болушу керек.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы, Конституцияга, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине таянып, Бишкектин Биринчи май райондун аймагында, Орусия Федерациясынын элчилигинин алдында, борбордук Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана Президенттик аппараттын имараттарынын алдында бардык жарандарга тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн чечими, аны күчүндө калтырган сот чечимдерин негизсиз жана бул чечимдерде көрсөтүлгөн жүйөлөргө өлчөмдөш эмес катары баалайт.

Ар бир адамдын тынч чогулуш эркиндик укугун чектөө — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык даректүү, негиздүү, айкын (конкреттүү) тынч чогулушка, уюштуруучуга, чыныгы коркунучка карата кабыл алынышы керек жана коопсуздукту камсыздоо максаттарга өлчөмдөш болууга милдеттүү.

Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн чечими, аны күчүндө калтырган сот чечимдери, жалпы жарандардын тынч чогулуштарга эркиндик укугун чектөө — жогоруда белгиленген эл аралык милдеттенмелерге, Баш мыйзамга карама-каршы келет. Эл аралык коомчулуктун алдында Кыргызстан адам укугун, эркиндиктерин чектеген мамлекет катары баалоого түрткү болот.

Бүгүнкү күнү элибиз менен бирге Аксы окуясынын 20 жылдыгын эскерүү менен, ал каргашалуу окуянын тарыхый сабагын эстен чыгарбоого чакырам. Аксы окуясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары киргендиги бардыгыбызга анык. Ошондуктан жарандардын тынч чогулуштарга эркиндик укугун сот же башка мамлекеттик органдар негизсиз чектесе, анын кесепети кандай болушу мүмкүн экенин Аксы окуясы көрсөткөнүн баса белгилегим келет.

Количество просмотров: 72