• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Акыйкатчы Жаманбаева Селекцияда бычакталган аялдан кабар алды

25 Аяк оона 2023 9:23 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган аялдан кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 24-сентябрда акыйкатчы Жаманбаева жабыркаган аял дарыланып жаткан ооруканага барган. Ал палатада жабырлануучу жана анын бир тууганы менен сүйлөшкөн.

«Аял бир нече ирет укук коргоо органдарына кайрылып жана мурдагы жолдошу зордуктаганы жөнүндө маалымдаган, ал көмөк, коргоо сураган, бирок ошого карабай өтө оор кылмышка айыпталуучуну үч жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарып жиберишкен. Сот органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилиги төбө чачты тик тургузган оор кылмышка жол берген кызмат адамдарына карата катаал чараларды токтоосуз кабыл алууга милдеттүү. Аталган органдардын өздөрүнүн аракетсиздиги, кайдигерлиги менен үрөй учурган кылмышка жол берген ар бир кызматкери жаза алышы керек», — деди акыйкатчы.

Акыйкатчы Министрлер кабинетинин башчысын, Жогорку сотту, Башкы прокурорду мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бетин кескилеген аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга жоопкер болгон кызмат адамдарына чара колдонууга чакырат.

Эске салсак, 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Количество просмотров: 289