• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Акыйкатчы Жаманбаева Ташкентте өткөн Эл аралык конференцияга катышты

28 Бирдин айы 2024 11:48 Бишкек Govori.TV

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева Ташкент (Өзбекстан) шаарында өткөн “Адам укугун камсыз кылуу – мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн өзөгү” аталышындагы Эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу Акыйкатчылыктан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Жаманбаева Эл аралык конференцияда сөз сүйлөп жатып, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу үчүн ар түрдүү өлкөлөрдүн улуттук укук коргоо институттарынын кызматташтыгы маанилүү экенин баса белгиледи.

“КРдин Акыйкатчы Институту жалпы кабыл алынган принциптерге жана эл аралык укукка ылайык башка өлкөлөрдүн Акыйкатчылары менен тажрыйба алмашууда тыгыз иш алып барууга даярбыз”, — деди Омбудсмен.

Ошондой эле, Кыргызстандын Омбудсмени улуттук укук коргоо институттарынын жетекчилери парламент менен биргеликте жарандык коомдун ортосундагы кызматташуунун негизги ролуна көңүл бурду.

“Адам укуктарын камсыздоо коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү. Бир гана бирдиктүү аракет аркылуу биз ар бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган максатыбызга жете алабыз” –деди КРдин Акыйкатчысы.

Жамиля Жаманбаева 2023-жылы КРдин Акыйкатчы Институту жарандардын укуктарын коргоого жана камсыздоого багытталган 17 мыйзам долбооруна экспертиза жүргүзгөнүн билдирди.

“Жыйынтыгында жогоруда айтылган мыйзам долбоорлоруна карата сунуштар жана сын-пикирлер жөнөтүлдү. 2023-жылы институт 179 мониторинг, текшерүү жана инспекция жүргүзүп системалык укук бузуулар аныкталган. Бул боюнча тиешелүү чара көрүү актылары түзүлүп, комплекстик анализдер жүргүзүлгөн. КРдин Жогорку Кеңеши, ошондой эле мамлекеттик органдар адам укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгууда туруктуу негизде КРдин Акыйкатчы Институту менен кызматташат”, — деди Жамиля Жаманбаева.

Конференцияда Өзбекстандын, Туркиянын, Италиянын, Австриянын, Венгриянын, Польшанын, Сербиянын, Туркменистандын, Казахстандын, Монголиянын, Марокко Падышалыгынын Акыйкатчылары Эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Сунуштардын жана талкуулардын жыйынтыгында конференциянын катышуучулары резолюция кабыл алышты. Ал адам укуктарын коргоодо кызматташууну өнүктүрүү жана улуттук укук коргоо институттарынын өлүм жазасына каршы кыймылга кошулуусуна багытталган.

Ошондой эле, Омбудсмендер Өзбекстандын Олий Мажилис Сенатынын жана Олий Мажилис Мыйзам чыгаруу палатасынын башчылары менен жолугушту.

КРдин Акыйкатчысы Марокконун, Италиянын, Венгриянын, Казахстандын, Өзбекстандын жана Таджикистандын Омбудсмендери менен сүйлөшүү жүргүздү.

Жолугушуунун соңунда КРдин Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Таджикстандын Акыйкатчысы Умед Бобозода эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу үчүн эки тараптын улуттук укук коргоо институттарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү жөнүндө бир пикирге келишти.

Сүйлөшүү учурунда Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Өзбекстандын Олий Мажилисинин Омбудсмени Феруза Эшматова Кыргызстанда Өзбекстандын, ал эми Өзбекстанда Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо үчүн улуттук укук коргоо институттарынын алакасын жакшыртууну макулдашты.

Андан сырткары, КРдин Акыйкатчысы Ташкентке болгон сапарынын соңунда Өзбекстандагы Кыргызстандын элчиси Муса Жаманбаев менен жолугуп сүйлөштү.

Жолугушуу учурунда Өзбекстандагы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоону камсыз кылуу чаралары боюнча талкуу болду.

Кыргызстандын 46 жараны Өзбекстандын абактарында кармалып турат. Өзбекстандын аймагында эмгек келишиминин негизинде Кыргызстандын 37 жараны иштейт.

Өзбекстандын расмий маалыматына ылайык аталган мамлекетте 300 миң этникалык кыргыз жашайт.

Количество просмотров: 68