• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Акыйкатчы жарандарды кабыл алды

21 Теке 2023 17:33 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жарандарды жеке кабыл алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Акыйкатчыга 1939-жылы туулган Т. Т. анын жеке менчикке ээ болуу укугун калыбына келтирип берүүгө көмөк сурап кайрылган.

Ал анын үйү менен батирине карата укугу соттун чечими менен бузулганын айтып берди.

“Биз жубайым экөөбүз көп жыл чогуу жашап, төрт баланы тарбиялап, чоңойттук. Жубайымдын биринчи никесинен уулу бар болчу. Байбичем көз жумгандан кийин анын биринчи никесиндеги уулунун кызы мүлкүбүздөн өз үлүшүн талап кылып чыкты. Ал сотко кайрылып өз үлүшүн бөлүп берүүнү сурады. Үй менен батир менен аялымдын наамына катталган эле. Жактоочуларды издей баштадык. Таптык. Жарандык процесс башталды. Бирок эмнегедир сотко мени киргизишкен жок, жактоочум ошондой деп айтты. Мен дайыма сотко барып, бирок көчөдө отургучта сот бүткөнчө отуруп, күтүп жүрдүм. Анан эле сот чечим чыгарды. Менин жана балдарымдын, ошондой эле жубайымдын небересине “мүлктү бирдей үлүштө тең бөлүп алышат” деген бүтүм чыгарышкан экен. Соттун чечимин дароо эле түшүнө алган жокмун. Анан калса чечим тууралуу дагы кийинчерээк билдим. Тынчтык макулдашуусу бар экенинен дагы кабарым жок болчу. Андан кийин гана менин укуктарым соттун чечими менен бузулганын түшүндүм”, — деп нааразы болду карыя.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Т. Т.нын жактоочусу, анын балдары жана жубайынын небереси тарабынан түзүлгөн тараптардын тынчтык макулдашуусун тастыктай турганы жөнүндө чечимди кабыл алган.

Тынчтык макулдашуусунун шартына ылайык, жогоруда аталган тараптар мурасталган кыймылсыз мүлктөн бирдей үлүшкө ээ болууга укуктуу болушкан.

Соттогу иштин материалдарына ылайык, тынчтык келишимин түзүү жөнүндө сунушту Т. Т.нын жактоочусу берген.

2021-жылдын 17-сентябрдагы соттун чечими менен тынчтык келишими түзүлгөнүнө байланыштуу делип аталган жарандык иш өндүрүштөн токтотулган.

Карыя анын укуктары сотто жетишээрлик коргобой калган деп эсептейт.

Анын айтымында, ал соттун чечими тууралуу билип жана аны түшүнөөрү менен көп убакыт бою мамлекеттик органдардын каалгасын каккылап, акыйкаттыкка жетүүгө аракет кылган.

Ысыкка, суукка, нөшөрлүү жамгырлар төккөнүнө карабай, укук коргоо органдарынын кеңселерин кимдир-бирөө аны угуп жана көйгөйүн түшүнөт деген үмүттө “күзөтүп” жүргөнүн да кошумчалады. Бирок бир да бирөөсүн да оң натыйжа чыккан эмес. Аргасы кеткенде президентке кайрылган.

Соттук иштин материалдарына ылайык, президент Юстиция министрлигине улгайган кишиге укуктук көмөк берүүнү тапшырган. Ага акысыз жактоочу беришкен, жактоочу тынчтык макулдашуу тууралуу соттун чечимин жокко чыгарыш үчүн Бишкек шаардык сотуна жеке даттанууну берүүнүн процессуалдык мөөнөтүн калыбына келтирүү арызы менен кайрылган.

Бирок 2022-жылдын 28-декабрында экинчи инстанциядагы сот арызды канааттандыруудан баш тарткан. 2023-жылдын 19-апрелинде Жогорку сот да экинчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

Эми карыя кайрадан мамлекеттик органдардын эшигин “жыртып”, акыйкаттык издөөгө мажбур болуп жатат.

“Мен үйдү байбичем экөөбүз кичинекей кезинен эле багып алган небере кызыма каттатып берейин деп ойлогом. Мен эми анте албай калдым, болгону өзүмдүн үлушүмдү гана бере алам”, — деп айтып берди карыя өзүнүн иши тууралуу акыйкатчыга.

Акыйкатчы ишти өзү тыкыр изилдеп чыкканын жана анын укуктарын коргош үчүн мыйзамдуу жолдор бар экенин билдирди.

“Сиздин ишти мен жеке көзөмөлүмө алдым. Калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн кайрылуулары мен үчүн биринчи орунда карала турган иштер. Биз сиздин иш боюнча жагдайды түшүндүк, ошондой эле аны чечүүнүн жолдорун дагы көрүп турабыз”, — деп айтты акыйкатчы.

Жамиля Жаманбаева тиешелүү бөлүмгө карыянын мыйзамдуу укуктарын калыбына келтириш үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 127