• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Акыйкатчы жарандарды жеке кабыл алды

26 Үчтүн айы 2024 13:30 Бишкек Govori.TV

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаева жарандарды жеке кабыл алды. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Акыйкатчыга жолугушууга келген арыздануучулар, укук коргоо жана сот органдар тарабынан укуктары бузулуп жатканына даттанышкан. Ошондой эле жөлөк пул алууга болгон укуктарын коргоп берүүсүн сурангандар да болду.

Арыздануучулардын бири М.С аттуу жаран Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн даттанды.

Анын айтымында, ал жазган арыздын негизинде козголгон кылмыш ишин кызматкерлер жаап салышкан. “Алар менин жашоомо, ден соолугума коркунуч келтирди, сиздерден бул ишти карап, менин укугумду коргоп берүүңүздөрдү суранам” ,– деп Омбудсменге кайрылды арыздануучу.

Джамиля Джаманбаева бул ишти өз көзөмөлүнө алаарын билдирип, “Сиздин кайрылуу боюнча тиешелүү органдарга кат жөнөтүп, укугуңуздун корголушун көзөмөлгө алабыз”, — деди.

60 жаштагы К.А аттуу дагы бир жаран кызы жана анын эки кичинекей баласы жашай турган жери жок батирлеп күн кечирип жатышканын айтты. Ал кызы жалгыз бой эне болгондуктан, эки баласын карап үйдө отурууга мажбур экенин жана жөлөк пул албасын билдирди.

“Анын балдарына жөлөк пул жана жашаганга социалдык турак жай алууга жардам берүүңүздөрдү суранам”,-деп жардам сурады.

Омбудсмен бөлүм башчыга тиешелүү мамлекеттик органдарга кат жөнөтүшүн тапшырды.
Кайрылгандардын арасында Г.Д. аттуу жаран өз көйгөйүн айтып арызданды.

Анын айтымында, коммерциялык эмес турак-жай кооперативинен жапа чеккен.

“Соттун 2023-жылы 2 427 750 сом өндүрүп берүү жөнүндө менин пайдама сырттан чыгарылган чечими күчүнө киргенине карабастан, азыркы күнгө чейин акчамды ала албай жатам”,- деп арызданды.

Акыйкатчы, кайрылган жарандын арызын өз көзөмөлүнө алаарын билдирди. Ошондой эле ал эмне үчүн соттун чечими аткарылбай жатканын аныктоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан тактаарын кошумчалады.

Ошондой эле, Омбудсменге Д.Н. аттуу машыктыруучу кайрылды.

Ал 7 жылдан ашык убакыттан бери 17 жаштагы А.Р аттуу өспүрүмдү машыктырып жүргөнүнө карабастан, аны чет мамлекетке мелдештерге чыгара албай жатканын айтты. Себеби анын юридикалык статусун аныктаган документи жок.

“Өспүрүм өзү Кыргызстанда төрөлүп-өскөн бирок баланын ата-энеси Афганстандан келип баш паанек издегендердин катарында. Окуучум мыктылардын катарында”,-деди машыктыруучу.
Джамиля Джаманбаева, мыйзам чегинде өспүрүм 18 жашка толгондон кийин “качкын” макамын алса болоорун айтып, бул маселенин жалгыз мыйзамдуу чечими экенин маалымдады.
Андан сырткары, Акыйкатчы кармалган журналисттердин жакындарын жеке кабыл алды.

Алардын жакындары Акыйкатчыга кармалып тургандардын укуктары бузулуп жатканын айтышты.

“17-январда сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, аларды тергөө абагына которуу чечимин чыгарганына карабастан, алар ушул кезге чейин убактылуу кармоочу жайда отурушат. Бул алардын укуктарын бузууда” ,- деп жакындары арызданды.

Андан сырткары, сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап жатканда жактоочулардын жүйөөлөрүн эске албаганын аайтышты.

Джамиля Джаманбаева, журналисттер кармалган күндүн эртеси эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, убактылуу кармоочу жайга барып, алардын кармоо шарттары менен таанышып, ошондой эле ар бир менен сүйлөшүп келгенин эске салды.

“Биз өз мандатыбыздын алкагында кармалган жарандардын укуктарынын корголушу боюнча иш алып баруудабыз. Ошондой эле алардын эмне себептен убактылуу кармоочу жайдан, тергөө абагына которулбай жатканын билүү үчүн Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына кат жолдодук”,- деди Омбудсмен Джамиля Джаманбаева.

Количество просмотров: 68