• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Акыйкатчы жети жаштагы баланын сабалышы боюнча үн катты

24 Чын куран 2024 16:47 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкек шаарындагы мектептердин биринде биринчи класстын окуучусу сабалган окуяны — баланын укугун одоно бузуу деп эсептейт.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, акыйкатчы 7 жаштагы баланын сабалганы боюнча ишти тергөөдө кылмышты оордотуучу жагдайларга көңүл бурууну талап кылды. Ошондой эле, мамлекеттик органдарды балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө чакырды.

“Эч бир жагдайда чоң адамдар тарабынан балдарга карата зомбулук көрсөтүүсүнө жол берилбейт. Мамлекеттик органдар зордук — зомбулукка жол бербөө үчүн бардык чараларды тез арада кабыл алуусу зарыл”, — деди Жамиля Жаманбаева

Буга чейин сабалган жети жашар баланын апасы Акыйкатчы институтуна кайрылып баласынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Ал баласын элдин көзүнчө сабаган жаран камакка алынбай эркиндикте жүргөнүнө, тергөөчүнүн ишине нааразы болгон.

Акыйкатчы тергөө органдарын айыпталуучунун аракеттерин квалификациялоодо жана кылмыш ишин сотко жөнөтүүдө КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин нормаларын унутпоого чакырат. Анткени, ага ылайык балага карата жасалган кылмыш, ишти оордотуучу жагдай болуп саналат.

Эске салсак, 12-апрелде Бишкек шаарынын тургуну Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринде 1-класстагы баласы себепсиз сабалганы боюнча милицияга арызданган.

Бул факты боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1990-жылы туулган К.Д. аттуу шектүү кармалган. Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бирок, 14-апрелде Ленин райондук соту шектүү жаранды үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Количество просмотров: 140