КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эл менен жолугушту.
Акыйкатчылыктан билдиришкендей, жолугушууга 300дөн ашуун киши келген.
Жолугушууга облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, элдин суроо-талаптарына жооп беришти.
Ысык-Көл облусунун тургундары билим алууда, жер маселесинде жана башка укуктары бузулуп жатканын айтып, арызданышты. Өз кезегинде Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды жарандар айткан маселелерди көзөмөлгө алууга чакырды.
Жолугушууда жалпысынан 32 кайрылуу болуп, анан ичинен 23 жазуу түрүндө кайрылуу түштү.
Эл менен жолугушуудан кийин, Акыйкатчы зордуктоого кабылган 9 жашар кыздан жана анын ата-энесинен кабар алды.
Азыркы учурда кыз коопсуз жерде, ата-энесинин камкордугунда. Ага зарыл болгон адистер жардамдарын көрсөтүүдө. Бирок кызга узак мөөнөттүү реаблитация талап кылынат. Кызды зордуктоого шектүү эки эркек киши кармалган. Кыздын апасы Акыйкатчыдан алардын укуктарын коргоп берүүсүн суранды.
Анын айтымында, эки эркек кызын 2021-жылдын декабрь айынан тарта зордуктап келишкен. Кыз коркконунан апасына мындай жийиркеничтүү окуяны айткан эмес.
“Кызыма бычак такап, күч менен эски үйгө сүйрөп барып зордуктап келишкен. Бирөө-жарымга айтса өлтүрүп койобуз деп коркутушкан. Ушундай зөөкүрлөр ар-кандай шылтоо издеп, жазадан качууга аракеттенип жатышат”,-дейт кыздын апасы.
Акыйкатчы өзгөчө тынчсыздануу менен тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө чакырды.