Кыргызстанда 2021-жылы өлкөнүн акыйкатчысынан жардам сураган кайрылуулардын саны 13 миңден ашуун болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинде Атыр Абдрахматова билдирди.
«2020-жылы 9,5 миң, 2019-жылы 11 миңден ашуун арыз-даттануу түшкөн. Көбү милиция, прокуратура, сот органдарынын ишине байланыштуу . Адамдар сотко мониторинг жүргүзүп берүүнү, жер участокторун бөлүштүрүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүнү өтүнүшкөн»,-деди ал.