Акыйкатчы институту УКМКнын тергөө абагында жаткан адамдардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүп, жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен да жолугушту.
Мекеменин маалыматына ылайык, Тилекмат Кудайберген уулу менен бирге камерада дагы эки эркек киши жатат. Камактагылар кармоо шарттарына жана кызматкерлерге нааразычылыгы жок экенин билдиришкен.
УКМК 19-апрелде Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызмат ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган.