• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Акыйкатчылык ЖМК жөнүндөгү жаңы мыйзамды кайра иштеп чыгууну сунуштады

31 Тогуздун айы 2023 11:52 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы институту “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” КРнын Мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди.

Анын айтымында, ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорунун адам укуктары жана эркиндиктерин сактоого байланыштуу бөлүгүнүн сунушталып жаткан ченемдерине анализ жүргүзүлдү.

«Толук анализ-талдоо үчүн институт эл аралык уюмдарга кайрылды. Ошондой эле институт улуттук мыйзамдарды жетекчиликке алуу менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан ченемдерин изилдеп, карап чыкты. ЖМКнын өкүлдөрүнүн жана мыйзам долбоорунун демилгечилеринин позициялары эске алынды. Институттун негизги максаты анализ-талдоо жүргүзүү учурундагы Кыргыз Республикасындагы эркин ой-жүгүртүү жана пикирди эркин билдирүүдө мамлекет тарабынан кабыл алынган милдеттердин сакталышына байланышкан жагдайды жана маалыматты мыйзам чыгаруучу, аткаруучу бийлик органдарына жана жарандык коомго жеткирүү. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) “КРнын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 3- жана 8-1-беренелерин жетекчиликке алуу менен “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” КРнын Мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштайт. Мыйзам долбоорунда эл аралык укук жана жалпы таанылган принциптерге карама-каршы келген ченемдерди алып салуу зарыл. Акыйкатчы институту адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана сөз эркиндигин камсыздоонун зарылдыгын баса белгилейт. Көз карандысыз бейтарап орган катары биз баардык кызыкдар болгон тараптарды адам укуктары менен эркиндиктери жаатында стандарттарды толук сактоо жана эң жогорку деңгээлде камсыздаш үчүн диалогго чакырабыз», — деди ал.


Количество просмотров: 168