• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Акыйкатчылыкка сунушталган талапкерлер парламенттин кароосуна жөнөтүлдү

1 Жалган куран 2022 11:48 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчылыкка сунушталган талапкерлер парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети Кыргызстандын акыйкатчысы кызмат ордуна фракциялар тарабынан көрсөтүлгөн 4 талапкерди парламенттин кароосуна жөнөттү. 

«Ыйман Нуру» фракциясы Кыргызстандын Акыйкатчы кызматына үч талапкер сунуштады. Алар жарандык активист Бакыт Узенбаев, мурада акыйткачынын орунбасары болуп иштеген Маматурайым Момунов жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова.

Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясы Кыргызстандын Акыйкатчы кызматына экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун талапкерлигин сунуштады.

Эске салсак, Кыргызстандын мурдагы Акыйкатчысы Токон Мамытов 18-октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 364